ТҮП РАЙОНУНДА БАЛЫК УУЛООНУН ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗГАНДАР АЙЫПКА ЖЫГЫЛЫШТЫ

Чүй өрөөнү
ТҮП РАЙОНУНДА БАЛЫК УУЛООНУН ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗГАНДАР АЙЫПКА ЖЫГЫЛЫШТЫ

Түп районунун Корумду айылынын суу жээгинде балык уулоонун эрежелерин бузгандар кармалды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Ак-Суу жана Түп райондорунда өзгөчө корголуучу жаратылышы аймактарында рейддик иш чараларды жүргүзүшкөн. 

Рейддин жүрүшүндө Түп районунун Жылуу-Булак айылындагы токой суу жээгинде эки жаран, Корумду айылында эки жаран мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен кармалышкан. Жыйынтыгында төрт жаранга протокол түзүлүп, айыптар салынды.