Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин “Борбордук лаборатория” мамлекеттик ишканасына министрдин милдетин аткаруучу А.Сапаралиев барды

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин “Борбордук лаборатория” мамлекеттик ишканасына министрдин милдетин аткаруучу  А.Сапаралиев барды

Капиталдык оңдоодон кийинки  жаңы имаратка барып, жаңы жабдуулардын  иштеши жана жалпы иш процесс менен  таанышты.

Капиталдык ремонт иштери 11 млн 725,1 миң сомго бааланды.  Өндүрүш жана кеңсе жайларына жабдуулар, кеңсе эмеректери,  компьютердик техника менен камсыз кылынган жана кошумча ремонт иштери жүргүзүлүп дагы жабдуулар сатылып алынат.

Борбордук лабаратория өз ишмердигин геологиялык объекттерге жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продукцияга химиялык анализ жүргүзгөн республикадагы жалгы  лаборатория. 70 тен ашык өнүккөн өлкөлөрдө 43 миң лабораторияны камтыган ILAC эл аралык аккредитациялоо уюмунун мүчөсү.

Үч эл аралык стандартка ылайык техникалык компетенттүүлүктүн аккредитациялык сертификаттары менен тастыкталган, сапатты башкаруунун интеграцияланган системасы бар 1)ISO/IEC 17020:2012 (ГОСТ ISO/IEC 17020:2013) № КG 417/КЦКА.ОК.063. 

«Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасында геологиялык объектилерге, жаратылыш сууларына, жана руда эмес чийки заттарга (шагыл, кум) билимди текшерүү жүргүзүү боюнча жалгыз провайдер болуп саналат. 

"Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасы  85 жылдык кесиптик тажрыйбасына жана тарыхка ээ.