Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөн жарандарга айып пул салынды
25-сентябрь 2026, 11:59
Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөн жарандарга айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы тарабынан Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында пландуу текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында жергиликтүү тургундар тарабынан Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды калдыктары төгүлгөндүгү аныкталды.
Аталган факты боюнча эки жаранга карата административдик протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, айыл башчыларына жана жергиликтүү тургундарга айлана-чөйрөнү таза кармоо, таштанды калдыктарын белгиленбеген жерлерге төкпөө жана экологиялык талаптарды так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.