Ысык-Көлдө 2 миң метр эски синтетикалык тор жана 20 кгдан ашык таштанды чыгарылды
13-октябрь 2026, 10:30
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоо жана суу ресурстарын коргоо максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара Орто-Өрүктү жана Кичи-Өрүктү айылдарынын, ошондой эле Дархан–Тосор айылдарынын ортосундагы аймактарда жүргүзүлдү.
Рейддин жүрүшүндө Орто-Өрүктү жана Кичи-Өрүктү айылдарынын аймагынан 700 метр эски синтетикалык тор жана 20 кг таштанды чыгарылды. Ал эми Дархан–Тосор айылдарынын ортосундагы акваториядан кошумча 1 300 метр эски синтетикалык тор алынды.
Натыйжада, жалпы 2 000 метр эски синтетикалык тор көлдөн чыгарылып, аймак 20 кгдан ашык таштандыдан тазаланды.
Белгилей кетсек, эски синтетикалык торлор суудагы балыктарга жана башка жаныбарларга коркунуч жаратып, көлдүн экосистемасына терс таасирин тийгизет. Мындай рейддик иш-чаралар Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана суу объектилеринин тазалыгын камсыз кылуу максатында улантылат.