Кыргыз Республикасынын Президентинин № 131 Жарлыгын аткаруу максатында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясында рейддик иш-чара өткөрүлдү
15-октябрь 2026, 10:27
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Президентинин № 131 Жарлыгын аткаруу максатында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясында рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө көлдүн акваториясынан 1200 метр эски синтетикалык тор, жана 30 кг таштанды чыгарылды.
Мындай торлор суудагы жаныбарлар дүйнөсүнө, анын ичинде балыктардын популяциясына олуттуу зыян келтирип, көлдүн экосистемасына терс таасирин тийгизет.
Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, суу ресурстарын коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүү багытындагы рейддик иш-чаралар улантылууда.