Ысык-Көлдө 1100 метр мыйзамсыз синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көл өрөөнү
Ысык-Көлдө 1100 метр мыйзамсыз синтетикалык тор чыгарылды
2026-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан рейддик иш-чара жүргүзүлдү.
Иш-чарага эки экипаж тартылып, Ысык-Көл көлүнүн акваториясында текшерүү жүргүзүлдү. Рейд Кыргыз Республикасынын Президентинин №131 Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө көлдөн жалпы узундугу 1100 метрди түзгөн кытай өндүрүшүндөгү синтетикалык мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды.
Мындай рейддердин негизги максаты — жаратылышты коргоо, биологиялык ресурстарды сактоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу болуп саналат.

Иш-чаралар мындан ары да туруктуу негизде улантылат.