Ысык-Көлдөн узундугу 1 200 метрди түзгөн 12 мыйзамсыз балык уулоочу тор алынды

Ысык-Көл өрөөнү
Ысык-Көлдөн узундугу 1 200 метрди түзгөн 12 мыйзамсыз балык уулоочу тор алынды

2026-жылдын 30-октябрында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан Ысык-Көл акваториясын синтетикалык балык уулоочу торлордон тазалоо максатында рейддик иш-чара жүргүзүлдү.


Рейддин жүрүшүндө көлдүн акваториясынан мыйзамсыз орнотулган 12 даана синтетикалык тор чыгарылып, алардын жалпы узундугу болжол менен 1 200 метрди түздү. Ошондой эле 20 кг калдыктары чогултулду.