ЫСЫК-КӨЛДӨ МЫЙЗАМСЫЗ БАЛЫК УУЛОО КАРАЖАТЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Чүй өрөөнү
ЫСЫК-КӨЛДӨ МЫЙЗАМСЫЗ БАЛЫК УУЛОО КАРАЖАТЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
ЫСЫК-КӨЛДӨ МЫЙЗАМСЫЗ БАЛЫК УУЛОО КАРАЖАТЫ ЧЫГАРЫЛДЫ


2026-жылдын 16-январында Ысык-Көл көлүнүн акваториясында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан рейддик иш-чара өткөрүлдү.


Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз пайдаланылган узундугу 400 метр болгон эски кытай синтетикалык тор аныкталып, көлдөн чыгарылды. Бул тор балык ресурстарына олуттуу зыян келтириши мүмкүн болгон.


Рейддик иш-чаранын негизги максаты — мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу, суу биоресурстарын коргоо жана Ысык-Көл көлүнүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.