Ыссык-Көлдө министрликтин кызматкерлери үчүн антикоррупциялык агартуу семинары өткөрүлдү
03-ноябрь 2025, 14:46
Ыссык-Көлдө министрликтин кызматкерлери үчүн антикоррупциялык агартуу семинары өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ыссык-Көл регионалдык башкармалыгында министрдин биринчи орун басары Б.Джусупбековдун катышуусунда антикоррупциялык агартуу семинары болуп өттү.
Иш-чарага Ыссык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын өкүлдөрү, ошондой эле министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын адистери катышты. Бул семинар — мамлекеттик органдардагы ачыктыкты, айкындуулукту жана коррупциялык көрүнүштөргө чыдамсыздыкты жогорулатууга багытталган министрликтин системалуу ишинин маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Семинардын негизги максаты — кызматкерлердин укуктук маалымдуулугун жогорулатуу, антикоррупциялык мыйзамдардын негизги жоболорун түшүндүрүү жана ар бир мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турумунда, ошондой эле мекемелик деңгээлде коррупцияга каршы ички иммунитетти калыптандыруу болду. Министрликтин жетекчилиги белгилегендей, коррупциянын кандай гана түрү болбосун — ал майда же чоң көрүнүш катары кабыл алынбасын — жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишенимин солгундатып, мамлекетке моралдык жана экономикалык зыян келтирет.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Жаза кодексинин 337-беренеси «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча түшүндүрмө берилди. Белгиленгендей, кызматтык ыйгарым укуктарды кызмат кызыкчылыгына каршы колдонуу, натыйжада олуттуу зыян келтирүү же жеке пайда табуу фактылары кылмыш жоопкерчилигине алып келет. Өзгөчө басым жасалган жагдай — жоопкерчилик түз материалдык пайда алынганда гана эмес, кызмат кызыкчылыгына каршы каалаган түрдөгү атайылап жасалган аракеттерде да караларын түшүндүрүү болду.
Лектор мыйзамда каралган жоопкерчилик чараларына кенен токтолду. Эгерде кызмат адамынын аракети олуттуу зыян келтирсе — эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулат. Ал эми кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жооптуу кызматтагы адам тарабынан жасалып, оор кесепеттерге алып келсе же жеке пайда алуу максатында жасалса, жаза — он жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлктү конфискациялоо түрүндө белгиленет. Мындай ыкма мыйзамдагы жеке жоопкерчилик жана жазанын сөзсүздүгү принциптерин баса белгилейт.
Семинарды Кыргыз улуттук университетинин Ж. Баласагын атындагы юридикалык институтунун кылмыш укугу жана криминология кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин доктору, министрликтин коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Д. Какешов алып барды. Ал өз баянында 2025-жылдын январынан тартып күчүнө кирген жаңы антикоррупциялык нормалардын иштөө механизмдерин түшүндүрүп, жумуш ордундагы коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу ыкмалары жана ар бир мамлекеттик кызматкердин жеке жоопкерчилиги тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле министрлик өз ишмердүүлүгүндө ишке ашырып жаткан" коррупцияга толеранттуулуктун нөлү"принцибинин маанисин белгилеп өттү.
Семинардын жүрүшүндө ички көзөмөл системасы, кызматкерлердин антикоррупциялык нормаларды сактоо боюнча милдеттери, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо жана мүмкүн болгон коррупциялык фактылар жөнүндө маалымат алган учурдагы аракеттер алгоритми талкууланды. Лектор белгилегендей, учурдагы мыйзамдар жоопкерчиликти гана күчөтпөстөн, мамлекеттик кызматкерлерге мыйзамсыз кийлигишүүдөн өз ишин коргоо үчүн укуктук инструменттерди да берет.
Катышуучулар семинардын жүрүшүндө активдүү суроолорду берип, коррупциялык көрүнүштөр тууралуу маалымат берүүдө купуялуулукту сактоо, дисциплинардык жоопкерчилик жана мыйзам бузуулар жөнүндө билдирген кызматкерлерди коргоо чаралары боюнча практикалык жагдайларды талкуулашты. Талкуунун жыйынтыгында мындай семинарлар формалдуу эмес, тескерисинче, ачыктыкка, жоопкерчиликке жана мыйзамдуулукка негизделген кесиптик маданиятты калыптандыруунун маанилүү куралы экени белгиленди.
Иш-чаранын уюштуруучулары баса белгилешти: коррупциянын алдын алуу — бул бир жолку иш эмес, мамлекеттик органдардын ишенимин бекемдөөгө жана алардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган туруктуу процесс. Мындай окутуулар министрликтин бардык аймактык бөлүмдөрүндө улантылмакчы.