Ысык-Көлдө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери арасында жайкы спартакиада өттү

Ысык-Көл өрөөнү
Ысык-Көлдө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери арасында жайкы спартакиада өттү
12–13-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери арасында жайкы спартакиада өттү.


Иш-чара министр А. Токтобаевдин жетекчилиги астында уюштурулуп, ага министрликтин борбордук аппаратынын жана бардык аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери, Кыргыз геология кызматынын, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, Борбордук лабораториянын, Экологиялык мониторинг департаментинин, Токой чарба кызматынын, Эко оператор ишканасынын, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын кызматкерлери активдүү катышты.


Спартакиаданын негизги максаты — командалык духту бекемдөө, кызматкерлердин ортосундагы ынтымакты жана биримдикти чыңдоо, ошондой эле сергек жашоо образын жайылтуу.


Катышуучулар футбол, волейбол, шахмат, үстөл тенниси, сууда сүзүү жана жеңил атлетика боюнча күч сынашты.. Мелдештер достук жана көтөрүңкү маанайда өтүп, кызматкерлер спорттук чеберчилигин, командалык ынтымагын жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү.


Спартакиада кызматкерлерге спорттук жөндөмдөрүн сынап көрүү менен бирге кесиптештер менен баарлашып, командалык ынтымакты бекемдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк түздү. Мындай иш-чаралар коллективдин биримдигин чыңдап, сергек жашоо образын жайылтууга маанилүү салым кошот.