Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд: мыйзамсыз торлор алынып, утилдештирүүгө өткөрүлдү
27-январь 2026, 09:50
Чүй өрөөнү
Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд: мыйзамсыз торлор алынып, утилдештирүүгө өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Ысык-Көлдү браконьерлик аракеттерден коргоо жана көл ичин мыйзамсыз балык торлорунан тазалоо боюнча кезектеги нөөмөт жүргүзүлдү.
Нөөмөт учурунда инспекторлор туристтик экологиялык милиция менен биргеликте профилактикалык жана көзөмөл иштерин аткарып, көл үстүндө мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүштү.
Натыйжада Өрүктү жана Жаркынбаев айылдарынын ортосунда жашыруун коюлган жаңы тор табылып, алынганы жана сыртка чыгарылганы белгиленди. Ошондой эле Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы январь айынан тарта чогултулган мыйзамсыз торлорду ӨКМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүп берди. Алар тиешелүү жоболорго ылайык жок кылынмакчы.
Министрлик браконьерликке каршы күрөштү, биологиялык ресурстарды коргоону жана көлдүн экосистемасын сактоону мындан ары да улантмакчы.