Ысык-Көлдө «Бирге Ысык-Көлдү сактайлы» аттуу экологиялык акция өткөрүлдү

Ысык-Көл өрөөнү
Ысык-Көлдө «Бирге Ысык-Көлдү сактайлы» аттуу экологиялык акция өткөрүлдү

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин демилгеси менен министр Акыл Токтобаевдин жетекчилигинде «Бирге Ысык-Көлдү сактайлы» аттуу масштабдуу экологиялык акция өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин №131 “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгынын алкагында уюштурулуп, көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат.

Экологиялык акцияга райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери, ошондой эле пансионаттардын, санаторийлердин жана эс алуу жайларынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жээк тилкелеринин санитардык абалына өзгөчө көңүл бурулуп, тиричилик калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, Бостери айылындагы пансионаттардын тазалоочу курулмаларынын ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлүп, экологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү жана мониторинг иштери өткөрүлдү.

Акциянын негизги максаты — жарандардын экологиялык маданиятын жогорулатуу, жаратылышка аяр мамиле жасоо жана Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын сактоо болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды жана Ысык-Көлдүн конокторун айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга, тазалыкты сактоого жана көл жээктерине таштанды таштабоого чакырат.

Ысык-Көлдүн тазалыгы — ар бирибиздин жалпы жоопкерчилигибиз жана келечек муундар үчүн сакталуучу баа жеткис жаратылыш мурасы.