Ысык-Көлдө экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү
10-сентябрь 2025, 15:53
2025-жылдын 10-сентябрында Чолпон-Ата шаарында жана ага чектеш Ысык-Көл көлүнүн акваториясында экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана браконьерликтин алдын алуу максатында кезектеги рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл региондук башкармалыгынын кызматкерлери Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы менен биргеликте катышышты.
Акваторияны тазалоо иштеринде көлдүн түбүнөн браконьердик торлорду табууда жана чыгарууда тажрыйбада далилденген кошковоо ыкмасы колдонулду. Бул ыкма мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөштө эң натыйжалуу куралдардын бири катары белгилүү. Иш-чаралар Yamaha кайыгынын жардамы менен жүргүзүлүп, көлдүн олуттуу бөлүгүн камтууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Рейддин жыйынтыгында Чолпон-Ата шаарынан Корумду айылына чейинки аймакта төрт эски балык уулоочу тор табылып, алынган. Бул торлор көлдүн ихтиофаунасына олуттуу коркунуч жараткан, анткени көзөмөлсүз балык кармап, баалуу түрлөрдүн жана жаш балыктардын өлүшүнө алып келчү. Ошондой эле туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугуна, сууга түшүүдө же кичи кайыктарды пайдаланууда, коркунуч жаратып турган.
Мындан тышкары, башкармалыктын кызматкерлери көл акваториясындагы кайыктарда жүргөн айрым балыкчыларды текшеришти. Өзгөчө көңүл уруксат кагаздарынын болушуна, балык уулоонун белгиленген нормаларын жана эрежелерин сактоого бурулду. Балыкчы-любителдер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тыюу салынган куралдарды пайдаланууга жол берилбестиги жана көлдүн биоресурстарын сактоо максатында мыйзамды так сактоо зарылдыгы эскертилди.
Өткөрүлгөн иш-чаралар экосистема үчүн аныкталган коркунучтарды жоюуга гана эмес, калк жана балыкчылар менен алдын алуу иштерин күчөтүүгө да шарт түздү. Бул Ысык-Көлдү коргоо, браконьерликтин алдын алуу, балык запастарын сактоо жана калыбына келтирүү, ошондой эле жергиликтүү калк менен коноктордун экологиялык маданиятын жогорулатууга өбөлгө түздү.