Ысык-Көлдө браконьерликке каршы күрөш күчөтүлүүдө
26-март 2026, 15:50
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан браконьерликке каршы рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.
2026-жылдын алгачкы үч айынын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл көлүнөн 6000 метрден ашуун эски кытай синтетикалык торлор алынды
Бул торлор балык ресурстарына олуттуу зыян келтирип, көлдүн экологиясына коркунуч жаратууда.
Белгилей кетсек, мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөш улантылып, көзөмөл күчөтүлөт.
Иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.