Ысык-Көлдө рейд учурунда 1,2 чакырым эски балык уулоочу тор жана 20 кг таштанды чыгарылды.
28-сентябрь 2026, 12:02
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылынын аймагында жана Тоң районунда рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.
Рейддин жүрүшүндө Чоң-Өрүктү айылынын аймагындагы көлдөн 800 метр эски синтетикалык балык уулоочу тор жана 20 килограмм таштанды чыгарылды.
Ошондой эле Тоң районунда жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында көлдүн суусунан жалпы узундугу 400 метр болгон эски синтетикалык балык уулоочу торлор алынып, аймак тазаланды.
Жүргүзүлүп жаткан мындай рейддик иш-чаралардын негизги максаты — суу объектилеринин экологиялык абалын сактоо, балык ресурстарын коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүү, ошондой эле Ысык-Көлдүн жаратылышын жана биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоого багытталган.