Ысык-Көлдө рейддин жүрүшүндө 3200 метр синтетикалык тор жана 70 кг таштанды чыгарылды.
25-август 2026, 10:52
24-август күнү Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан браконьерликке каршы күрөшүү жана Ысык-Көлдүн жаратылыш ресурстарын коргоо максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган 3299 метр эски синтетикалык тор суу объекттеринен чыгарылып, ошондой эле айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизген 70 кг таштанды чогултулуп, тиешелүү жерге чыгарылды.
Рейддик иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу, суу биоресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө, браконьерликтин алдын алуу жана Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо максатында мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.