Ысык-Көлдө үч күндүк рейддин жүрүшүндө 3700 метр синтетикалык тор жана 130 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көл өрөөнү
Ысык-Көлдө үч күндүк рейддин жүрүшүндө 3700 метр синтетикалык тор жана 130 кг таштанды чыгарылды

17–19-август күндөрү Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан браконьерликке каршы күрөшүү жана Ысык-Көлдүн жаратылыш ресурстарын коргоо максатында үч күндүк рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган 3700 метр эски синтетикалык тор суу объекттеринен чыгарылып, ошондой эле айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизген 130 кг таштанды чогултулуп, тиешелүү жерге чыгарылды.

Рейддик иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу, суу биоресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө, браконьерликтин алдын алуу жана Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо максатында мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.