Ысык-Көлдө балык уулоо эрежелерин бузуу боюнча 11 укук бузуу фактысы аныкталды
15-июль 2026, 11:57
Чүй өрөөнү
Ысык-Көлдө балык уулоо эрежелерин бузуу боюнча 11 укук бузуу фактысы аныкталды.
Иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө» жана «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыктарын аткаруу максатында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан бир жумалык браконьерликке каршы рейд өткөрүлдү.
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө балык уулоо эрежелерин бузуу боюнча 11 укук бузуу фактысы аныкталды. Аталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин балык уулоо эрежелерин бузуу боюнча тиешелүү беренесине ылайык эреже бузгандарга протоколдор түзүлүп, административдик айып пулдар салынды.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы көлдүн экологиялык тең салмактуулугун сактоо, балык ресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу боюнча көзөмөлдөө жана рейддик иш-чараларды мындан ары да үзгүлтүксүз улантат.