Ысык-Көлдө экологиялык мыйзам бузуу фактылары аныкталып айып пул салынды
03-июль 2025, 15:14
2025-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Ысык-Көл облусунун аймагында экологиялык жана техникалык талаптардын сакталышы боюнча рейдтик иш-чарасы жүргүзүлдү.
Текшерүү жыйынтыгында жалпы 4 протокол түзүлүп, 58 000 сом айып пул салынды. Атап айтканда:
🔹 Сары-Ой айылындагы “Барчын” пансионатына карата:
• Юридикалык жак катары — 236/1-берене (Айлана-чөйрөгө агынды сууларды чыгарууну жүзөгө ашыруунун тартибин бузуу) боюнча 28 000 сом,
• Ошондой эле 115/1-берене (Белгиленбеген жерлерге тиричилик таштандыларын жана башка буюмдарды таштоо, үйүп салуу) боюнча 17 000 сом айып салынды.
Жалпы: 2 протокол, 45 000 сом.
🔹 Чоң-Сарой айылындагы “Алтын-Көл” пансионатына карата:
• Жеке жак — 115/1-беренеси боюнча 1 протокол, 5 500 сом айып пул салынды.
• 🔹 Чоң-Сарой айылындагы «Good Like» пансионатына карата:
• Жеке жак — 115/3 беренеси( Таштандылдарды, турмуш-тиричиликтик катуу, өндүрүштүк, өнөр жай калдыктарын жана башка предметтерди өрттөө, ошондой эле жалбырактарды өрттөө) боюнча 1 протокол, 7 500 сом айып пул.
Жалпы: 4 протокол, 58 000 сом айып пул салынды.