Орто-Токой суу сактагычында браконьерлик фактысы аныкталды
13-ноябрь 2026, 14:11
Нарын өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан түнкү рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө Кочкор районундагы Орто-Токой суу сактагычында балык уулоо эрежелерин бузган эки жаран аныкталды. Алардан мыйзамсыз кармалган 17 даана сига лудога балыгы табылды.
Аталган жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик протоколдор түзүлүп, тиешелүү токтомдор чыгарылды. Мындан тышкары, балык ресурстарына келтирилген зыян үчүн 17 170 сом өлчөмүндө доо коюлду.