Социалдык тармактарда жарыяланган маалыматтын негизинде Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл аймагынын Красная-Речка айылында өрттөнүп жаткан таштандылар боюнча жеринде көзөмөл жүргүзүштү
14-июль 2026, 11:37
Чүй өрөөнү
Социалдык тармактарда жарыяланган маалыматтын негизинде Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл аймагынын Красная-Речка айылында өрттөнүп жаткан таштандылар боюнча жеринде көзөмөл жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө өрт Нурманбет-Биримдик муниципалдык ишканасы тарабынан толугу менен өчүрүлдү.
Ошондой эле аныкталган мыйзам бузуу фактысы боюнча Нурманбет айыл өкмөтүнө укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, 23 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.