Интернет булактарында жарыяланган видео материалдардын негизинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Ысык-Көл облусунун Чоң-Өрүктү айылындагы белгиленбеген жерге таштанды калдыктарын таштоо фактысы аныкталды

Чүй өрөөнү

Интернет булактарында жарыяланган видео материалдардын негизинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Ысык-Көл облусунун Чоң-Өрүктү айылындагы белгиленбеген жерге таштанды калдыктарын таштоо фактысы аныкталды.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык укук бузган жеке жакка 5 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Мындан тышкары, таштанды ташталган аймак толугу менен тазаланып, калдыктар белгиленген жайга чыгарылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого, тиричилик калдыктарын белгиленген жайларга гана таштоого жана экологиялык талаптарды так сактоого чакырат.