Ош чек арасында мыйзамсыз ташылып бара жаткан деңиз ташбакалар кармалды

Ош өрөөнү
Ош чек арасында мыйзамсыз ташылып бара жаткан деңиз ташбакалар кармалды

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 2025-жылдын 30-апрелинде “Достук” чек ара өткөрмө пунктунда мыйзамсыз жаратылыш ресурстарын ташып өтүү аракетине бөгөт коюлду.

Текшерүү учурунда Өзбекстан Республикасынын жараны Г. Б.   аттуу жараны тарабынан 197 баш тирүү “кичине деңиз ташбакасын” Кыргыз Республикасынын аймагынан Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасалганы аныкталып, чек ара кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуучу жаран кармалып, ташбакалар менен кошо Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Бул факты боюнча Г.Б. Кыргыз Республикасынын “Укук бузулар жөнүндө” кодексинин 262-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 20 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Кармалган 197 баш кичине деңиз ташбакалары Ош шаарынын “Наваи” атындагы эс алуу багындагы жеке ишкер И.Эргешовго таандык зоопаркка убактылуу кармоо үчүн өткөрүлүп берилди.

Экология жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылыш ресурстарын коргоо жана мыйзамсыз ташылып жаткан жаныбарларды аныктоо боюнча иштерди мындан ары да уланта берет.