Ош базарында жапайы канаттууларды мыйзамсыз кармоо жана сатуу фактысы аныкталды

Чүй өрөөнү
Ош базарында жапайы канаттууларды мыйзамсыз кармоо жана сатуу фактысы аныкталды

Жарандардан келип түшкөн кайрылуулардын негизинде  Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Ош базарында жапайы канаттууларды капаска камап, сатуу фактысы боюнча тактоо иштери жүргүзүлдү.

Тактоо иштеринин жүрүшүндө жаран тарабынан жашыл таранчы (зеленушка) жана боз баш щегол (седоголовый щегол) аттуу жапайы канаттуулар капаска мыйзамсыз кармалып, сатылып жатканы аныкталды. Натыйжада канаттуулар капастан чыгарылып, эркиндикке кое берилди.


Ошондой эле жарандын социалдык абалы эске алынып, ага жапайы канаттууларды мыйзамсыз кармоого жана сатууга жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындай көрүнүштөрдү мындан ары кайталабоо тууралуу эскертүү берилди.