Бишкектеги Ала-Тоо аянтында мыйзамсыз от жагуу фактысы аныкталды

Чүй өрөөнү
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында мыйзамсыз от жагуу фактысы аныкталды
Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын алкагында мыйзам бузуу фактысы аныкталды.


Рейд учурунда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында мыйзамсыз уюштурулган башаламан от жагуу фактысы катталып, тиешелүү чаралар көрүлдү. Аталган мыйзам бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин 230-беренесинин негизинде күнөөлүү тарапка 28 000 (жыйырма сегиз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.


Мындан тышкары, мыйзам бузган тараптан от жагууну 2025-жылдын 29-декабрынан тартып толук токтотуу боюнча кепилдик каты алынды.
Экология жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөнү коргоо жана коомдук тартипти сактоо багытындагы көзөмөл иш-чараларын мындан ары да күчөтөт. Жарандарды экологиялык талаптарды жана мыйзам нормаларын так сактоого чакырат.