Бишкек шаарындагы кайра иштетүүчү заводго ташып жеткирүүнү уюштуруу жана андан ары утилдештирүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү

Чүй өрөөнү
Бишкек шаарындагы кайра иштетүүчү заводго ташып жеткирүүнү уюштуруу жана андан ары утилдештирүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрүнүн, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын, облустагы шаарлардын мэрияларынын, ошондой эле Бишкек шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун жана Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын санитардык полигонунун өкүлдөрүнүн катышуусунда Чүй облусунун аймагындагы таштанды төгүлүүчү жайларда топтолгон таштандыларды Бишкек шаарындагы кайра иштетүүчү заводго ташып жеткирүүнү уюштуруу жана андан ары утилдештирүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.


Белгилей кетсек, 2028–2029-жылдарга карата Бишкек шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү завод өндүрүштүк кубаттуулугун суткасына 3000 тоннага чейин жогорулатууну жана электр энергиясын өндүрүүнү пландаштырууда. Азыркы учурда заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 1300–1500 тоннаны түзөт, ал эми калдыктардын 1 тоннасынан 30 МВт электр энергиясын өндүрүү каралган.


Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар таштанды төгүлүүчү жайлардын учурдагы абалын, топтолгон калдыктардын көлөмүн жана морфологиялык курамын, которуштуруп жүктөөчү базаны уюштуруу мүмкүнчүлүгүн, логистиканы, калдыктарды чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча колдонуудагы тарифтерди, ошондой эле калдыктарды андан ары сорттоо жана мүмкүн болушунча кайра иштетүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты.


Өзгөчө көңүл жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын төлөө жөндөмдүүлүгүнө, ошондой эле Чүй облусунун аймагынан, анын ичинде облустун алыскы райондорунан катуу тиричилик калдыктарын Бишкек шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводго ташып жеткирүүнүн экономикалык жактан рентабелдүүлүгүнө жана максатка ылайыктуулугуна бурулду.


Бул ыкманы ишке ашыруу мүмкүн болгон учурда стихиялуу таштанды төгүлүүчү жайлардын санын кыскартууга, айыл чарба багытындагы жерлерди бошотуп, аларды максаттуу багыты боюнча пайдаланууга, Чүй облусундагы калктуу конуштардын санитардык-экологиялык абалын жакшыртууга жана калдыктардын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.


Өз кезегинде Министрлик катышуучуларды калдыктарды башкаруу чөйрөсүндө жаңыдан кабыл алынган ченемдик укуктук актылар менен тааныштырды. Атап айтканда, катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруу полигондорун долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо боюнча биринчи жолу кабыл алынган техникалык ченемге – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы №525 токтомуна өзгөчө көңүл бурулду.


Аталган техникалык ченем стихиялуу таштанды төгүлүүчү жайларды жоюуну жана катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруучу жайларды тиешелүү долбоорлорго, курулуш ченемдерине жана эрежелерине (КЧжЭ), ошондой эле техникалык регламенттерге ылайык гана курууну, аларга «Полигон» статусун берүүнү карайт.


Ошондой эле Министрлик өлкө аймагындагы стихиялуу таштанды төгүлүүчү жайларды кыскартуу максатында өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде мамлекеттик колдоо көрсөтүлөрүн жана тиешелүү стимулдаштыруу чаралары көрүлөрүн билдирди.