Ысык-Атадагы ишканага жүз миңдеген айып салынды

Чүй өрөөнү

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда айлана-чөйрөгө саркынды сууларды төгүүнү жүзөгө ашыруунун тартибин бузуу, айлана-чөйрөнүн абалы жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жөнүндө маалыматты бербөө, жашыруу же бурмалоо боюнча мыйзам бузуу фактысы аныкталды. 

Жаратылыш ресурстары министрлигине аталган райондогу Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан “Дачи в Норусе” коомдук бирикмесинин жана “Надежда” айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин жамааттык кайрылуусунун негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан “Грин Гоу” ишканасына карата чаралар көрүлгөн.

Анда ишканага айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук жаатындагы мыйзам талаптарынын бузулгандыгы боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бир нече протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 111 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузуу фактыларын жою боюнча эскертүү баракчасы берилип жана келечекте экологиялык мыйзам талаптарынын бузулушуна жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.