Нарын дарыясынын жээгинде мыйзамсыз балык уулоо боюнча 13 протокол түзүлдү

Чүй өрөөнү
Нарын дарыясынын жээгинде мыйзамсыз балык уулоо боюнча 13 протокол түзүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын аңчы-адистери жана егерлери тарабынан Нарын дарыясындагы Күрп-Сай суу сактагычында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган синтетикалык торлор алынып, балык уулоого тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок жарандар аныкталды.

Иш-чаранын жыйынтыгында суудан 500 метрден ашык синтетикалык тор чыгарылды. Мындан тышкары, тиешелүү документтери жок балык уулоо менен алектенген 13 жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлүп, жалпы 13 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.


Ошондой эле үч жаранга карата келтирилген зыян боюнча доо коюлуп, тиешелүү актылар түзүлдү.