Баткен районундагы Толукбай кенине абаны булгагандыгы үчүн айып пул салынып, сот иши козголду
15-январь 2025, 11:08

Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 2025-жылдын 8-январынан 10-январына чейин «Толукбай» ЖЧКсынын көмүр кенине пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныкталды: булгоочу заттарды чыгарууга уруксаат кагаздарынын жоктугу жана абадагы чаңдын максималдуу жол берилген чегинен ашып, жергиликтүү тургундардын ден соолугуна коркунуч келтирген.
Жыйынтыгында ишканага 28 000 сом айып салынып, экологияга келтирилген зыян үчүн 84 172,6 сом доо коюлган.
Шахтага белгиленген мөөнөттө мыйзам бузууларды жоюу боюнча буйрук чыгарылган.
Жаратылыш ресурстары министрлиги экологиялык стандарттарды сактоонун маанилүүлүгүн эскертип, жарандардын ден соолугун жана экосистеманы коргоо боюнча иштерди улантууда.