Боз-Болток тоосунун этегинде 200 көчөт отургузулду

Чүй өрөөнү
Боз-Болток тоосунун этегинде  200 көчөт отургузулду
“Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында   Министр М. Машиевдин жана , «Альянс» фракциясынын депутаттары менен биргеликте  Аламүдүн районунун Боз-Болток тоосунун этегинде  «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын  алкагында экологиялык иш-чара өтүп, 200 түп өрүк жана кара жыгач көчөттөрү  отургузулду.

Бул демилге «Альянс» фракциясынын депутаттарына, Жаратылыш ресурстары, министрлиги  жана Байтик айыл өкмөтү тарабынан биргелешип ишке ашырылды. Иш-чарага жергиликтүү калктын өкүлдөрү катышып, министр М.Машиевге бир катар маселелер менен кайрылып жооп алышты.