Бишкек шаарындагы курулуш компаниясына 93 миң сом айып пул салынды

Чүй өрөөнү
Бишкек шаарындагы курулуш компаниясына 93 миң сом айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочуларынан курулуш компаниясы тарабынан уруксатсыз септик казылып, саркынды суулар агызылып жаткандыгы тууралуу арыз келип түшкөн.

Жарандардын кайрылуусунун негизинде регионалдык башкармалык тарабынан аталган факты боюнча пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.


Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп, курулуш компаниясына жалпы 93 000 (токсон үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.