Ак-Суу капчыгайында 2025-жылдын 8-сентябрында Чүй облусунун Москва районунда Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан браконьерлик фактыларын аныктоо жана жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоо максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү

Чүй өрөөнү

Ак-Суу капчыгайында 2025-жылдын 8-сентябрында Чүй облусунун Москва районунда Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан браконьерлик фактыларын аныктоо жана жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоо максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Текшерүү маалында мыйзамсыз балык уулоо учурлары катталды. Бузуучуларга карата Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 266-беренесине ылайык үч протокол түзүлүп, жалпы 3000 сом өлчөмүндө айып салынды.

Мындан тышкары, кызматкерлер жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, браконьерликтин кесепеттерин жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануунун маанисин баса белгилешти.

Чүй регионалдык башкармалык мындай рейддер туруктуу улантылып, аймактын биоартүрдүүлүгүн жана жаратылыш байлыгын сактоого багытталганын белгилейт.