Ала-Арча суу сактагычынын аймагынан аңчылык кылууда курал көтөргөн жаран аныкталды

Чүй өрөөнү
Ала-Арча суу сактагычынын аймагынан аңчылык кылууда курал көтөргөн жаран аныкталды

Ала-Арча суу сактагычынын аймагында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө аңчылык жүргүзүүнүн белгиленген эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, инспекторлор тарабынан текшерүү учурунда жарандан калибри 4,5 мм болгон пневматикалык курал табылган. Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, укук бузган жаранга 12 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.


Рейддик иш-чара Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлдү.