Талас облусунун Бакай-Ата районунун аймагында суурлардын саны буга чейинки эсептөөлөргө караганда көп жана алардын популяциясы жакшы деңгээлде сакталууда

Чүй өрөөнү
Талас облусунун Бакай-Ата районунун аймагында суурлардын саны буга чейинки эсептөөлөргө караганда көп жана алардын популяциясы жакшы деңгээлде сакталууда

Талас облусунун Бакай-Ата районунун аймагында суурлардын саны буга чейинки эсептөөлөргө караганда көп жана алардын популяциясы жакшы деңгээлде сакталууда. 

Учурда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгы тарабынан Бакай-Ата районунун аймагындагы табигый өзөндөрдө суурлардын санын аныктоо максатында атайын эсептөө (учет) иштери жүргүзүлүүдө.

Санак иштери Урмарал коругу, Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркында жүрүп жатат. Суурлардын так саны июль айынын башында белгилүү болоору күтүлүүдө. Иш чарага Талас  регионалдык башкармалыгынын  башкы анчылык инспектору жана токойчулар тартылган.