Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында жалпы аянты 1600 чарчы метрге жакын заманбап «Ак Илбирс» илимий-изилдөө жана реабилитациялоо борборунун курулушу жүрүп жатат
01-июнь 2026, 16:12
Чүй өрөөнү
Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында жалпы аянты 1600 чарчы метрге жакын заманбап «Ак Илбирс» илимий-изилдөө жана реабилитациялоо борборунун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаевдин Татарстан Республикасынын Экология жана жаратылыш ресурстары министри Азат Зиганшин менен болгон жолугушуусунда сөз болду.
Комплекстин курамына илимий-изилдөө лабораториясы, административдик жана ветеринардык блоктор, ошондой эле жапайы жаныбарлар үчүн реабилитациялоо борбору кирет. Курулуш иштери тездетилген график менен жүргүзүлүүдө.
«Биз курулушту ушул жылдын август айынын аягына чейин бүтүрүүнү пландап жатабыз. Биз үчүн долбоордун өз убагында бүтүшүн камсыз кылуу жана эң жогорку талаптарга жооп берген заманбап борборду түзүү маанилүү. Түзүлүп жаткан борбор Борбордук Азияда илимий изилдөөлөрдү, ветеринардык жардамды жана сейрек кездешүүчү, жок болуп кетүү коркунучундагы жаныбарлардын түрлөрүн реабилитациялоону айкалыштырган алгачкы адистештирилген комплекс болуп калат», — деди министр Акыл Токтобаев.
Аны менен бирге борборду заманбап лабораториялык жабдуулар менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Улуттук илимдер академиясы, Министрликтин профилдик бөлүмдөрү жана ветеринардык кызматтар менен биргеликте экологиялык мониторинг, ветеринардык диагностика, генетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо программаларын илимий коштоо үчүн техникалык тапшырма даярдалып, керектүү жабдуулардын тизмеси аныкталды.
«Биз келечектеги «Ак Илбирс» борборун Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программанын (GSLEP) алкагында ак илбирс байырлаган мамлекеттердин илимий кызматташтыгы, тажрыйба алмашуусу жана биргелешкен жаратылышты коргоо демилгелерин ишке ашыруу үчүн эл аралык аянтча катары карап жатабыз», — деп кошумчалады министр.