Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Нарын мамлекеттик жаратылыш коругу аймагында мыйзамсыз аңчылыкка жана жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга каршы рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Чүй өрөөнү

Рейддер коруктун мамлекеттик инспекторлору тарабынан өткөрүлүп, аймактагы жапайы жаныбарлар дүйнөсүн, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрдү коргоого багытталган. Өзгөчө көзөмөл мыйзамсыз аңчылык фактыларын алдын алууга, курал-жарак жана тыюу салынган шаймандарды колдонууга бөгөт коюуга, ошондой эле жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдалануу аракеттерин аныктоого бурулууда.

Министрлик жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тартибин так сактоого жана мыйзам талаптарын бузбоого чакырат. Жапайы жаратылышты коргоо — жалпыбыздын милдети.