Ош облусунун аймагында жазгы суур жана ондатрларды эсепке алуу (санак) иштери жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында аймакта 8 миңден ашуун суур, 20 баш ондатр катталды
08-июль 2026, 11:52
Чүй өрөөнү
Ош облусунун аймагында жазгы суур жана ондатрларды эсепке алуу (санак) иштери жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында аймакта 8 миңден ашуун суур, 20 баш ондатр катталды.
Иш-чара Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө белгиленген маршруттар боюнча талаа байкоолору жүргүзүлүп, жапайы жаныбарлардын саны жана алардын жашоо чөйрөсү боюнча маалыматтар топтолду.
Санак иштеринин жыйынтыгында жапайы жаныбарлардын арасында жугуштуу оорулардын белгилери катталган жок.
Мындан тышкары, аңчылык чарбаларын пайдалануучулар, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик коруктардын жана жаратылыш парктарынын кызматкерлери менен биргеликте тиешелүү иш-чаралар уюштурулган.