Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун базасында уюшулган өсүмдүк көчөтканасына 2026-жылдын апрель айында 6000ге жакын карагай, көк карагай, арча, кайың, терек жана башка дарактардын көчөттөрү отургузулган. Анын өнүмдүүлүгү менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев жеринен таанышып чыкты

Чүй өрөөнү

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун базасында уюшулган өсүмдүк көчөтканасына 2026-жылдын апрель айында 6000ге жакын карагай, көк карагай, арча, кайың, терек жана башка дарактардын көчөттөрү отургузулган. Анын өнүмдүүлүгү менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев жеринен таанышып чыкты. 

Ошол эле учурда корукта уюшулган көчөткананын базасы да толук ремонттоо иштеринен өтүп, питомник керектүү техникалар жана шаймандар менен толукталып, материалдык-техникалык базасы чыңдалган.  

Учурдагы көчөткананын абалы менен жеринен таанышып чыккан министр көчөткананын адистерине питомниктеги көчөттөрдү уруктан атайын идиште (закрытый корневой) өстүрүүнү сунуштады. Анда тамыр системасында өстүрүлгөн көчөттөрдүн жашап кетүү пайызы жогору болуп, отургузуудагы жоготуулар азаят жана токойлорду калыбына келтирүү иштеринин сапаты кыйла жакшырып, өнүмдүүлүгүн арттырат.

Мындан сырткары, Акыл Токтобаев бугу марал питомнигинде аткарылып жаткан иштер менен таанышты. Бугу-марал питомникте коруктун кызматкерлери менен бирдикте иштешип жаткан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окумуштуулары менен таанышып жана аткарылуучу илимий иштерди көрүп чыкты.