Ала-Арча №3 (Төмөнкү) суу сактагычында балык уулоонун эрежесин бузуу фактысы аныкталып, кармалган жарандардан 122 даана балык жана ар бири 100 метрден болгон эки даана синтетикалык тор табылган
08-июль 2026, 11:48
Чүй өрөөнү
Ала-Арча №3 (Төмөнкү) суу сактагычында балык уулоонун эрежесин бузуу фактысы аныкталып, кармалган жарандардан 122 даана балык жана ар бири 100 метрден болгон эки даана синтетикалык тор табылган.
Рейддик иш чара Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери жана Чүй-Бишкек мергенчилер жана балыкчылар коомунун өкүлдөрү өткөрүшкөн.
Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тиешелүү материалдар таризделип, иш Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.