Ала-Арча суу сактагычында таштандылар тазаланды

Чүй өрөөнү
Ала-Арча суу сактагычында таштандылар тазаланды

Ала-Арча суу сактагычында таштандылар тазаланды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын инспекторлору тарабынан интернет булактарында чыккан маалыматтын негизинде 2025-жылдын 25-октябрында Ала-Арча суу сактагычында таштандыларды тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Тазалоо иш-чарасы Биринчи Май райондук администрациясы менен уюштурулган субботниктин алкагында өткөрүлдү.

Бул иш-чара Кызматтын инспекторлорунун ыкчам жана координацияланган иш-аракеттеринин негизинде жүзөгө ашырылып, айлана-чөйрөнү коргоого жана жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталды.