Ала-Арча суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чара өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Ала-Арча суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чара өткөрүлдү

Ала-Арча суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чара өткөрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан Чүй облусунун милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун милиция кызматкерлеринин катышуусунда Ала-Арча суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоо фактылары аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык, 6 протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, суу сактагычта эс алган жарандарга жана балыкчыларга айлана-чөйрөнү таза сактоо, таштандыларды атайын белгиленген жерлерге таштоо жана жаратылыш ресурстарына аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле суу сактагычтын аймагында тазалыкты камсыз кылуу максатында тазалоо иштери уюштурулду.