Деңиз деңгээлинен 3300-3400 метр бийиктикте жайгашкан Аламүдүн районуна караштуу Ак-Сай капчыгайындагы таштандылар тазаланды. Тазалоо иштерин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери жүргүзүштү
01-июль 2026, 15:16
Чүй өрөөнү
Деңиз деңгээлинен 3300-3400 метр бийиктикте жайгашкан Аламүдүн районуна караштуу Ак-Сай капчыгайындагы таштандылар тазаланды. Тазалоо иштерин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери жүргүзүштү.
Буга чейин капчыгайдагы Хижина Рацекада таштандылар топтолуп калгандыгы боюнча билдирүүлөр келген. Билдирүүдө бул аймакка келген эс алуучулар таштандылар ирээтсиз калтырып кетип жаткандыгы боюнча маалымдалган.
Мындан улам Жаратылыш ресурстары министрлиги бардык эс алуучуларга аймакка келип эс алгандан кийин таштандыларды ирээтсиз калтырбастан, жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга жана экологиялык коопсуздукка зыян келтирүүчү мыйзам бузууларга жол бербөөгө чакырат.