Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган синтетикалык торлор алынды

Чүй өрөөнү
Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган синтетикалык торлор алынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган синтетикалык торлор алынды

2025-жылдын 28-октябры Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу  Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жана Эко тур милициясынын кызматкерлери биргелешкен рейд өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көлдүн жээгинде жана суу мейкиндигинде мыйзамсыз түрдө коюлган синтетикалык торлор аныкталып, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада жалпы узундугу 1000 метр болгон эски синтетикалык торлор алынды.

Бул иш-чаранын максаты — Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, балык ресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоо фактыларынын алдын алуу.

Регионалдык башкармалык мындай иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн белгилеп, жарандарды жаратылыш ресурстарын сактоого жана мыйзамдарды бузбоого чакырат.