Орхус конвенциясын ишке ашыруу боюнча Улуттук баяндаманы даярдоо башталды

Чүй өрөөнү
Орхус конвенциясын ишке ашыруу боюнча Улуттук баяндаманы даярдоо башталды

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 2021-2024-жылдары Кыргыз Республикасында БУУ ЕЭКтин "маалыматка жетүү, чечимдерди кабыл алууда коомчулуктун катышуусу жана айлана-чөйрөгө тиешелүү маселелер боюнча сот адилеттигине жетүү жөнүндө" Орхус конвенциясын ишке ашыруу тууралуу жетинчи Улуттук докладын даярдоо башталды.

Кыргыз Республикасы Орхус конвенциясына 2001-жылы кошулган (КР Мыйзамы 12.01.2001 № 5) жана ошону менен Конвенциянын жоболорун аткаруу жана үзгүлтүксүз отчетторду берүү боюнча милдеттенмелерди өзүнө алган.

Улуттук докладды даярдоо процесси улуттук деңгээлде коомчулуктун катышуусун карайт, бул отчет берүү механизминин өтө маанилүү аспектиси болуп саналат.

Ушуга байланыштуу Министрлик баяндаманы даярдоого активдүү катышууга, Орхус конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча Сиздердин уюмдун практикалык тажрыйбасы жана аларды ишке ашырууда кездешкен тоскоолдуктар тууралуу маалымат менен бөлүшүүгө чакырат. 2024-жылдын 20-сентябрына чейинки мөөнөттө баяндаманын долбооруна киргизүү үчүн конструктивдүү сунуштарды жана маалыматтарды күтөбүз.

Улуттук баяндаманын долбоору мындан ары талкуулоо үчүн сайтка жайгаштырылат жана сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен жеткире иштелип чыккандан кийин Конвенциянын Катчылыгына жөнөтүлөт.

Улуттук баяндаманы даярдоо процесси, форматы жана талаптары жөнүндө маалымат үшул жылдын 26-августунда (10.00-12.00) ЖРЭТКМ конференц-залында тегерек столдо берилет. Катышууга чакырабыз!

Катышууну ырастоо жана / же кошумча маалыматты 0 555 992210 телефону же электрондук почта аркылуу алууга болот: unpo.gkek@mail.ru.