“Улуттук тазалык күн” тазалыктын негизги символу
14-апрель 2025, 12:20

Жаратылыш ресурстары министрлиги бардык жарандарды “Улуттук тазалык күн” аттуу масштабдуу экологиялык акциясына активдүү катшууга чакырат.
Экоакция Президент С.Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы 305 Жарлыгынын негизинде “Улуттук тазалык күнү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жалпы республиканын масштабында өткөрүлүп келет.
Акциянын негизги максаты – таштандыларды өз-өзүнчө чогултуу маданиятын коомго жайылтуу жана жарандардын экологиялык билимин жогорулатуу болуп саналат.
Көчөңүздөрдү, айылыңыздарды, район, облус жана жалпы мамлекетибиздин тазалыгы жалпыбыздан көз каранды, бардыгыңыздарды акцияга катышууга чакырабыз.
Акция 2025-жылдын 19-апрелинде жалпы республика боюнча өтөт