УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮ: ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ИШЕМБИЛИККЕ 168 МИҢДЕН АШУУН АДАМ КАТЫШЫП, 3 МИҢ ТОННАГА ЖАКЫН ТАШТАНДЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Чүй өрөөнү
УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮ: ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ИШЕМБИЛИККЕ 168 МИҢДЕН АШУУН АДАМ КАТЫШЫП, 3 МИҢ ТОННАГА ЖАКЫН ТАШТАНДЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жамааты Улуттук тазалык күнүнө карата уюштурулган жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышты.

Министрликтин кызматкерлери Аламүдүн районуна караштуу Боз-Бөлтөк тоосунун аймагында тазалык иштерин жүргүзүп, аймакты таштандылардан тазалашты.

Улуттук тазалык күнү 2022-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул демилге айлана-чөйрөнү таза сактоого коомчулуктун көңүлүн буруп, жарандардын экологиялык маданиятын жогорулатууга жана жаратылышка жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга багытталган.

Жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан иш-чаранын алкагында жарандардын активдүүлүгү өсүп, коомчулуктун айлана-чөйрөнүн тазалыгына болгон жоопкерчилиги күчөп жатканын белгилөөгө болот.

Быйыл Улуттук тазалык күнүнө карата өлкө боюнча өткөрүлгөн жалпы республикалык ишембиликке 168 миңден ашуун адам катышып, анын жыйынтыгында 3 миң тоннага жакын таштанды чыгарылып, жалпысынан 3 миң 600 гектар жер аянты тазаланды. 

Ишембиликке ишкерлер, өндүрүш ишканаларынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери, коомдук уюмдар, жаштар жана айлана-чөйрөнүн тазалыгына кайдыгер карабаган жарандар активдүү катышты.

Жаратылышты коргоо жана айлана-чөйрөнү таза сактоо — бир гана мамлекеттик органдардын эмес, коомдун ар бир мүчөсүнүн жалпы милдети. Мындай иш-чаралар өлкөбүздүн аймактарын көрктөндүрүүгө гана эмес, экологиялык жоопкерчиликти жана коомдук маданиятты жогорулатууга да маанилүү салым кошот.