Улуттук климаттык диалог: «ОНУВ 3.0ны тааныштыруу жана Кыргызстандын КС-30 РКИК ООНго карата улуттук позициялары»
10-октябрь 2025, 15:41
Климаттын өзгөрүшү Кыргыз Республикасына болгон таасирин жылдан жылга күчөтүүдө. Өтө нөшөрлүү жаан-чачын, кургакчылык, мөңгүлөрдүн эришинен улам суу ресурстарынын азайышы, экосистемалардын деградациясы жана азык-түлүк коопсуздугуна болгон коркунучтар өлкөбүздөн ырааттуу жана чечкиндүү чараларды талап кылууда.
2025-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жетекчилиги астында өткөн экология, климаттын өзгөрүшү жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча Координациялык кеңештин жыйынында өлкөнүн Үчүнчү улуттук аныкталган салымы (ОНУВ 3.0) расмий түрдө кабыл алынды.
Бул — 2026–2035-жылдарга карата Кыргызстандын Париж келишими боюнча климаттык милдеттенмелерди аткаруудагы салымын аныктаган стратегиялык документ болуп саналат.
Рамкалык Конвенциянын Тараптарынын Конференциясынын (КС-30) кезектеги жыйыны 2025-жылдын 10–21-ноябрында Бразилиянын Белен шаарында өтөт. Бул эл аралык климаттык процесстеги маанилүү этап болуп, анда өлкөлөр өздөрүнүн жаңы жана жаңыртылган улуттук салымдарын (ОНУВ) сунушташат. Жыйында дүйнө 1,5 °C деңгээлинде глобалдык ысыкты чектөө максатына канчалык жакын экендиги бааланат. Ошондой эле климаттык каржылоону кеңейтүү, адаптация чараларын күчөтүү жана адилеттүү энергиялык өткөөл маселелери өзөккө алынат.
Ушул шартта Кыргызстан үчүн өлкөнүн артыкчылыктарын жана кызыкчылыктарын чагылдырган бирдиктүү улуттук позицияны иштеп чыгуу өзгөчө мааниге ээ.
2025-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында «Улуттук климаттык диалог: ОНУВ 3.0ны тааныштыруу жана Кыргызстандын КС-30 РКИК ООНго карата улуттук позициялары» аттуу иш-чара болуп өттү. Диалогдун максаты — мамлекеттик органдарды, жарандык коомду, бизнес чөйрөсүн, эл аралык уюмдарды, өнөктөш институттарды жана жаштарды чогултуп, ОНУВ 3.0 даярдоонун жыйынтыктарын жана алдыдагы эл аралык сүйлөшүүлөр үчүн улуттук позицияларды талкуулоо болду.
Иш-чарага төмөнкүлөр катышты:
• Э.Дж. Байсалов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;
• М.А. Машиев, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги;
• Д.А. Кемелова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу райондорду өнүктүрүү боюнча Беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү;
• А. Граве, БУУ системасынын Кыргызстандагы Туруктуу координатору;
• А. Соловьева, БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү;
ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, эл аралык жана эксперттик уюмдардын өкүлдөрү.
Өз сөзүндө жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев мындай деди:
«Бүгүнкү күн биздин өлкө үчүн маанилүү этап — биз Кыргызстан үчүн үчүнчү улуттук климаттык салымды, ОНУВ 3.0ны, сунуштап жатабыз жана алдыдагы Бразилияда өтө турган Тараптар конференциясынын алдында бирдиктүү позицияны калыптандырып жатабыз.
ОНУВ 3.0 — бул 2026–2035-жылдарга карата Кыргызстандын климаттык саясатын аныктаган документ. Ал дээрлик бир жылга созулган биргелешкен чоң эмгектин жыйынтыгы».
Министр ПРООН уюмуна жана анын жетекчиси А.Соловьевага документти даярдоого көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле «Климаттык убадалар» долбоорунун координатору Б. Ысабековага жогорку жоопкерчилиги жана тынымсыз эмгеги үчүн ыраазычылык айтты.
«Өзгөчө ыраазычылык биздин адистерге — министрликтин борбордук аппараты менен бирге аймактардагы, коруктардагы, токой чарбаларындагы жана мониторинг постторундагы кызматкерлерге. Алар күн сайын унчукпай, бирок маанилүү иш жасап келишет: мыйзам долбоорлорун жана программаларды даярдашат, токой отургузушат, абанын жана суунун сапатын көзөмөлдөшөт, тоолуу экосистемаларды коргошот. Алардын эмгеги болбосо бүгүнкү жыйынтыктар болмок эмес. Министрлик байкоодон аракетке, маалыматтан чечимге өтүү аркылуу системалуу климаттык саясатты түзүүдө», — деп белгиледи министр.
«Биздин министрлик климат боюнча эл аралык механизмдерде — БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча рамкалык конвенциясында, Жашыл климаттык фонддо, Глобалдык экологиялык фонддо — өлкөбүздүн атынан активдүү катышып, тоолуу өлкөлөрдүн үнүн жеткирүүдө», — деп кошумчалады М. Машиев.
КС-30 РКИК ООН алдындагы Улуттук климаттык диалог Кыргыз Республикасына өзүнүн эл аралык позициясын чыңдоого, 1,5 °C деңгээлинде глобалдык ысыкты чектөө боюнча дүйнөлүк максатка берилгендигин көрсөтүүгө жана климаттык чараларды туруктуу жүзөгө ашыруу үчүн зарыл ресурстарды тартууга өбөлгө түзөт.