Улуттук көп тараптуу диалог «Кыргызстанда транспорттун аба булганышына каршы күрөш: шаарларда жыл бою таза абага умтулуу»

Чүй өрөөнү
Улуттук көп тараптуу диалог «Кыргызстанда транспорттун аба булганышына каршы күрөш: шаарларда жыл бою таза абага умтулуу»

2025-жылдын 21-октябрында Бишкек шаарында транспорттук чыгындыдан улам келип чыккан атмосфералык абанын булганышына каршы күрөшүү темасына арналган улуттук көп тараптуу диалог болуп өттү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, экологиялык багыттагы бейөкмөт уюмдардын, илимий чөйрөнүн жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышты.

Диалогдун башкы максаты — Кыргызстан шаарларындагы абанын булганышын азайтуу жана экологиялык абалды жакшыртуу боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулоо жана натыйжалуу чечимдерди табуу болду.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар экологиялык багыттагы мамлекеттик саясаттарды иштеп чыгуу, ошондой эле туруктуу шаардык мобилдүүлүктү өнүктүрүү өңдүү маселелерди кеңири талкуулашты.

Иш-чарада Казакстандын Алматы шаарынан келген Жулдыз Саулебекова өзүнүн «Көрүнбөгөн кырсыктар: транспорт жолдордо гана эмес, адамдардын ден соолугун да алып кетет» аттуу баяндамасы менен өзгөчө кызыгуу жаратты.

Ал транспорттук булганыш — айрыкча калктын аялуу катмары үчүн оорулардын күч алышына жана мезгилсиз каза болууга алып келүүчү негизги себептердин бири экенин баса белгиледи.

Диалогдун алкагында Кытай, Жапония, Түштүк Корея, Казакстан, Швейцария, Турция , Финляндия , Украина, Франция, Улуу Британия жана Германия сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбалары да каралды. Бул мисалдар транспорт саясаты, экология жана шаардык инфраструктура багытындагы системдүү иштер туруктуу натыйжаларды бере турганын көрсөттү.

Диалогго ошондой эле төмөнкү уюмдар жана демилгелер катышты:

БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Координаторунун кеңсеси

«MoveGreen» коомдук уюму,

BishkekSmog демилгеси,

Шаарды жашылдандыруу боюнча көз карандысыз эксперттер.

Катышуучулар Кыргызстандагы абанын булганышы маселесин комплекстүү чечүү үчүн мамлекет, жарандык коом жана эл аралык өнөктөштөр ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришип, системдүү мамиленин зарылдыгын белгилешти. Бул — коомдук транспортту өнүктүрүүнү, электромобилдерди колдоону, калкты экологиялык жактан маалымдоону жана чыгындылар боюнча стандарттарды катуулоону камтышы керек.