Полиэтилен пакеттерин мыйзамсыз сатканына байланыштуу айып пул салынды

Ысык-Көл өрөөнү
Полиэтилен пакеттерин мыйзамсыз сатканына байланыштуу айып пул салынды

2025-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Ысык-Көл облусунун аймагында экологиялык жана техникалык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө максатында рейдтик иш-чара жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мурдагы берилген эскертүүлөр аткарылбагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 213-2-беренесинин (Полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды сатууга тыюу салууну бузуу) негизинде экологиялык талаптарды бузган фактылар аныкталды.

Атап айтканда, полимердик баштыктарды жана пластик буюмдарды мыйзамсыз түрдө сатуучу, тараткан жана колдонгон эки юридикалык жакка карата 2 протокол түзүлүп, жалпы 20 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөнү булгануудан сактоо үчүн экологиялык мыйзамдарды так сактоого чакырат. 

Полиэтилен баштыктарды колдонбоо — жаратылышты коргоого салым!