«Мыйзам бузуучулар, биз сиздерге көз салуудабыз: Ысык-Көл күнү-түнү көзөмөлдө!»
16-март 2026, 16:22
Чүй өрөөнү
2026-жылдын 15–16-март күндөрү Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын борбордук аппаратынын жана Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл районунда рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Чоң-Өрүктү, Жаркымбай жана Ананьево айылдарынын аймагындагы көл үстүндө браконьерликке каршы иштер жүргүзүлүп, жалпы узундугу 400 метр болгон синтетикалык эски торлор көлдөн чыгарылды.
Мындан тышкары, мыйзамсыз аңчылыкка жол бербөө жана суу коргоо зонасында таштанды таштоону алдын алуу боюнча түшүндүрүү жана текшерүү иштери жүргүзүлдү.